loader

Бишкек шаарындагы “Маариф” билим берүү комплекси менен Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин уюштуруусунда “Жаш мугалимдер-2024” форуму 2024-жылдын 20-апрелинде өттү.

Аталган форумга Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору А.Д.Токтомаметов, директордун орун басары Н.К.Жоошбаевдер катышышты.

Форумдун пленардык отурумунда А.Д.Токтомаметов “Кыргызстанда STEM билим берүү тажрыйбасы” темасында баяндама жасады.

Панелдик сессияда директордун орун басары Н.К.Жоошбаев тарых, адам жана коом мугалимдеринин секциясында модераторлук кылуу менен бирге “Шакирттиктен устаттыкка чейинки кадамдар” темасында мастер-класс өттү.
Форумдун соңунда катышуучулар сертификатка ээ болушту.